07:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте уурулукка шектелген жарандар кармалды

Бишкекте уурулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-декабрда Октябрь РИИБга Менделеев көчөсүндөгү турак үйдөн уурулук фактысы боюнча чакыруу келип түшкөн. Арыз ээсинин айтымында, белгисиз бирөөлөр үйдүн терезеси аркылуу кирип, үй буюмдарын уурдап кетишкен.

Ошондой эле, Свердлов РИИБга шаардын Ч.Ж. аттуу тургуну кайрылып, маршруттук унаадан «Редми-7» үлгүсүндөгү телефонун уурдатып жибергенин айтып, ууруларга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Уурулукка шектелип 1989-жылы туулган Б.С., Б.К. жана 1981-жылы туулган К.А. кармалды.



Эң көп окулган жаңылыктар