04:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Милиция кызматкерлерине компенсация төлөнөбү? ИИМден жооп

Өзгөчө кырдаалдагы милдеттерди аткарган милиция кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө токтом долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта милиционерлерге кошумча акча чегерүү туурасында кайрадан убада кылышты.

«Кошумча төлөө жөнүндө жободо өзгөчө кырдаалдарда жана куралдуу кагылышууларда аскер кызматтарынын маяналары жана аскердик наамдардын маяналары үч эселенген өлчөмдө белгиленет. Республиканын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аскердик кызмат орундары жана аскердик наамдары үчүн бир айлык акы алышат. Өзгөчө кырдаал учурунда милиция кызматкерлери казармалык абалда кызмат өтөшкөн. Өзгөчө кырдаалга тартылган Ички иштер органдарынын өздүк курамы жана ИИМдин ички аскер кызматчылары үчүн убакыт таблицасы түзүлүп, командирлер тарабынан бекитилген. Кошумча каражаттарды бөлүү жөнүндө толук маалыматтар Финансы министрлигине жөнөтүлдү», — дейт ИИМдин пресс-кызматы.

Буга чейин милициянын ыйгарым укуктуу кызматкерлери өзгөчө абал учурунда убадаланган кошумча акча берилбей жаткандыгын айтышып, жумушка чыгуудан баш тартышкан. Бирок ИИБ бул маалыматты чекке каккан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума