22:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бакай-Ата районунда жоголгон 20 жаштагы кыз Бишкектен табылды

Талас облусунда дайынсыз жоголгон 20 жаштагы Гүлнур Аскарбекова Бишкектен табылды. Бул тууралуу облустук ИИБнин пресс-кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, Бакай-Ата районунун Биринчи май айылынын 20 жаштагы тургуну Гүлнур Аскарбекова 29-июнда болжол менен саат 20:30-21:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Жоголгон кыздын ата-энеси 30-июнда милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

«Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмү билдиргендей, жоголгон кыз 1-июлда Бишкек шаарынан табылган. Ал турмушка чыкканы белгилүү болду. Анын жолдошу Ысык-Көл облусунун тургуну. Экөө тең суракка чакырылып түшүндүрмө берилди. Кыздын ата-энеси тосмо арыз жазышты», — деп берилет маалыматта.

Буга чейин Гүлнур Аскарбекова социаллык тармактарда издөөгө алынганы баарыбызга маалым.

Эң көп окулган жаңылыктар