03:39
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Ур-токмоктон улам каза болгон 15 жаштагы кыздын денесине көп зыян келтирилген

Өлүмгө шектүү катары кыздын 49 жаштагы атасы ИИБдин убактылуу тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, кыздын жансыз денеси өзү жашаган үйдүн конок бөлмөсүндө болгон. Анын денесине көп зыян келтирилген.

«Милиция бөлүмүнө окуянын күбөлөрү байланышышып, 8-кичи районундагы үйлөрдүн биринен жаш өспүрүмдүн жансыз денеси табылгандыгын маалымдашкан. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча катталды. Ыкчам тергөө иштери боюнча өлүмгө шектүү катары 49 жаштагы Б.С. аттуу кыздын өз атасы кармалды. Бардык зарыл болгон экспертизалар белгиленди. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө», — деп билдирет ИИБдин персс-кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби