20:26
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Токмокто уурулукка шектелип эки жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Токмок ШИИББге жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, токтоп турган унаасынан эки аккумулятор жана машинадагы магнитофонун белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирген.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Аталган кылмышка шектелип 2 жигит кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар