23:56
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Балыкчыда Чернобыль апаатында курман болгондор эскерилди

Балыкчы шаарынын борбордук аянтында Чернобыль апаатында курман болгондор эскерилип, Куран окулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерүү иш чарасына Украинанын, Белорусиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, ардагерлер, Балыкчы шаардык мэриясынын кызматкерлери, Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов жана курман болгондордун туугандары, жакындары катышты.

Бул күнү ардагерлерге акчалай жардамдар берилип, курман болгондордун жакындарына көңүл айтылды.

Ал эми Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов мындай апааттуу кырсыктардын болбошун тилеп дуба кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар