Эртең, 19-майда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан катуу жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27;
Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 19...24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 26...31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24;
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25.
Бишкекте түнкүсүн 13...15°, күндүз 23...25° жылуу болот.

