Филиппин Республикасынын Манила шаарында каратэ-до боюнча дүйнөлүк рейтингдик Karate One Youth League турнири өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Мелдешке дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн миңден ашуун спортчу катышты. Кыргызстандын курама командасынын курамында 10 спортчу күч сынашты.
Турнирдин жыйынтыгында «Олимп» ОРАБӨМдүн каратэ-до бөлүмүнүн спортчулары 1 алтын жана 3 коло медаль жеңип алышты:
- Хван Данил (12–13 жаш, 50 кг чейин) — 1-орун;
- Даян Деря (16–17 жаш, 66 кг жогору) — 3-орун;
- Кобелев Илья (16–17 жаш, 76 кг жогору) — 3-орун;
- Турусбеков Улукбек (12–13 жаш, 55 кг чейин) — 3-орун.
Karate One Youth League турнири жаштар арасындагы эң ири эл аралык мелдештердин бири болуп саналат жана каратэ-до боюнча дүйнөлүк рейтингдик системага кирет.

