10:09
USD 87.45
EUR 101.64
RUB 1.21

Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин жыйынын өткөрдү: Эмнелер талкууланды?

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өтүп, аны өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев алып барды.

Минкабдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, КР Жер кодексине шайкеш келтирүү максатында айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомдун долбоору каралды. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин баяндамасы угулду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин жыйынын өткөрдү

Кабыл алынган чечимдин негизинде төмөнкү жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди:

  • муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого;
  • мамлекеттик менчиктеги жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобого;
  • запастагы жерлерди пайдалануу жана калыптандыруу тартиби жөнүндө жобого;
  • жерлерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) тартиби жөнүндө жобого.

Бул токтом менен Минкабдын бир катар чечимдери Жер кодексинин жаңы редакциясына шайкеш келтирилет. Тактап айтканда, улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн жер участокторун берүү тартиби өркүндөтүлүп, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди натыйжалуу пайдалануу камсыз кылынат. Мындан тышкары, жер тилкелерин берүү жол-жоболору жөнөкөйлөтүлүп, электрондук форматтагы кызматтар киргизилүүдө.

Адылбек Касымалиев бул документтин улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн өзгөчө мааниси бар экенин белгилеп, токтомдун долбоору коомдук талкууга да чыгарылганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар