10:09
USD 87.45
EUR 101.64
RUB 1.21

Курулуш министринин жаңы биринчи орун басары дайындалды

Болот Чолпонбаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекемеден билдирди.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Болот Чолпонбаев

Буга чейин Чолпонбаев министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментин жетектеп келген. Курулуш тармагындагы эмгек жолу 2013-жылы инженер адисинен башталган.

Ал эми министрдин мурдагы биринчи орун басары Самат Жантелиев жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар