13:04
USD 87.45
EUR 101.73
RUB 1.19

Пайдалуу кеңеш: Диетолог кимдерге киви жегенге болбой турганын айтты

Гастрити жана тиешелүү аллергиясы бар адамдар киви жегенден баш тартышы керек. Бул тууралуу aif.ru басылмасына берген маегинде диетолог-нутрициолог София Кованова эскертти.

Адис суткасына үч даанадан же 220 граммдан ашык эмес киви жесе болорун белгиледи.

«Киви анын курамындагы актинидин ферменти жана клетчатканын жардамы менен тамак сиңирүүгө жакшы таасир этет, бирок гастрит, аллергия же ашказан ширесинин кычкылдуулугу жогору болгон учурда былжыр челди дүүлүктүрүшү мүмкүн», — деди адис.

Кивинин курамындагы аллергендер — бул уруктарынын белоктору, актинидин ферменти, ошондой эле башка заттар, маселен, бензоаттар, салицилаттар, аминокислоталар жана тирамин.

Ичеги-карын жолдорунун оорулары, бөйрөктүн курч кармаган оорулары жана заара-таш оорусу (бөйрөктө таш болушу) бар адамдар кивини этияттык менен жеши керек.

Мындан сырткары, кош бойлуу жана бала эмизген энелер киви жегенге чейин дарыгер менен кеңешиши зарыл, себеби бул жемиш ымыркайда аллергия жаратышы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар