Агартуу министрлиги 29-майда өтө турган «Акыркы коңгуроо» салтанатына байланыштуу бүтүрүүчүлөргө жана ата-энелерге эскертүү берди.
Министрлик мектептерде жана майрамдык иш-чараларда коопсуздук талаптарын так сактоого чакырып, төмөнкүлөргө тыюу салды:
- «Акыркы коңгуроо» салтанатын өткөрүү үчүн акча чогултуу;
- мугалимдерге же мектеп администрациясына белек алуу үчүн каражат чогултуу;
- мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштуруу;
- ата-энелерге материалдык басым көрсөтүү мыйзамсыз болуп эсептелет.
Ошондой эле, министрлик мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, «Акыркы коңгуроо» майрамы коопсуз жана ашыкча чыгымсыз өткөрүлүшүн эскертти

