Тышкы иштер министрлиги жогорку айлык сунуштаган шылуундар кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө баңгизат таратууга алдап тартып жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай схемаларга ишенип кеткен ондогон жаран чет мамлекеттерде кармалган.
Көпчүлүк учурда жарандарга «жеңил жумуш» жана «жакшы айлык» сунушталып, кийин баңгизат ташууга же аны катууга мажбурланышат.
ТИМ жарандарды күмөндүү жумуш сунуштарына ишенбөөгө чакырып, мыйзамсыз иштерге мажбурлоо болгон учурда жергиликтүү милицияга же министрликтин консулдук департаментинин +996 999 312 002 ишеним телефонуна кайрылууну сунуштады.

