18:49
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Балыкчыда милиция кызматкерлери мас абалында жергиликтүү тургунду мазактаган

ИИМдин Ички иликтөө кызматына ишеним телефону аркылуу Балыкчыдагы кафелердин бирине жарандык кийимчен белгисиз милиция кызматкерлери келип, тамактануучу жайдын ээсин маданиятсыз сөздөр менен тилдегени тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-апрель күнү болжол менен саат 18:30 чамасында кафенин ээси жубайы, балдары менен тамактанып жаткан учурда кафеге жарандык кийимчен төрт милиция кирип келип, тамак алууга буйрутма берген. Бир нече убакыт өткөн соң, жогоруда аталган адамдар маданиятсыз сөздөр менен сүйлөй баштаган учурда кафенин ээси бул жакта балдар бар деп аларга эскерткен. Кафенин ээси, дагы бир жолу эскертүү берген учурда жогорудагы адамдар менен уруша кетишкен. Жарандын айтымында, окуя болгон учурда уруша кеткен кишилердин бирөөсү мас абалында болгон.

Аталган факт боюнча ИИМдин Ысык-көл облусу боюнча ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүшүп, белгисиз кызматкерлердин өздүгү такталган.

Алар, Ысык-Көл облустук ИИБнын жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери болуп чыккан. Кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерине ИИОнун кесиптик этикасын так аткаруу боюнча жана юридикалык жактан баа берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар