USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Бишкек шаарында телефон аркылуу алдамчылык кылган жаран кармалды

14:36, 27 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери телефон аркылуу алдамчылык кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран арыз менен кайрылып, 11-январда ага «WhatsApp» мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам телефон чалып, өзүн «Мбанктын» кызматкери деп тааныштырган.

«Коопсуздук маселесине көмөк көрсөтүү шылтоосу менен эсептен 1 миң 400 долларын чечип алган жана тиркеме аркылуу эки банктан жалпы суммасы 119 миң 600 сом насыя алган. Ошентип жабырлануучунун 244 миң 643 сом акчасын ээлеп алган», — деп айтылат маалымтта.

Кылмышка шектүү 2005-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалып, камакка алынды.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика