02:26
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Сокулук райондук милициясынын башчысы жана орун басары кызматтан алынды

Убактылуу кармоо жайындагы суицид фактысы боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уран Шамбетов жана анын орун басары Максат Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн улук нөөмөтчүсү Тилек Дүйшөнбек уулу ээлеген кызматтарынан төмөндөтүү менен бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул эле буйрук менен ИИМдин, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын эки жетекчисине жана беш кызматкерине тартиптик жаза берилди.

Эске салсак, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын камерасында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы У.Б. асынып алган. Териштирүү ИИМдин жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар