16:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жети-Өгүз районунун тургунунан 6 килограммдан ашык баңгизат табылды

Жети-Өгүз районунун тургунунун үйүнөн 6 килограммдан ашык баңгизат алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочусу сатуу максатында ири өлчөмдө баңги каражаттарын даярдоо жана сактоо менен алектенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алынган.

«Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталды. Ал Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 1979-жылы туулган К.М. аттуу тургуну болуп чыкты. Анын үйүн тинтүү учурунда 6 килограммдан ашык баңгизат табылган», — деп айтылат маалыматта.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча алынган баңгизаттын 4 килограмм 212 граммы марихуана жана 2 килограмм 90 граммы гашиш экени аныкталды.

Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар