17:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Талас облусунун тургунунун үйүнөн марихуана жана мылтык табылды

Таласта милиция кызматкерлери тарабынан баңгизат менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, январь айынын аягында Талас облусунун тургуну баңгизаттарды сактап, сатуу менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө 1985-жылы туулган С.Т. аттуу жаран экени аныкталган.

Факт боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш ишин козголгон.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 1 килограммдан ашык марихуана баңгизаты жана тийиштүү мекемеде каттоосу болбогон сайсыз мылтык табылып, алынган.

Учурда иш боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар