15:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев кармалды

Ички иштер министрлиги ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактысы менен спорт мектебинин директору кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунан кайрылуу келип түшкөн. Анда спорттук мектептердин биринде мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү учурунда спорттук инвентарлардын көлөмү инвентаризациялык отчетко туура келбеген фактылар аныкталганы билдирилген. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.К. аттуу жаран аталган мекеменин директору кызматына дайындалып жатканда жооптуу адамдарга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Башкаруу жана бизнес институтунун дипломун бергени аныкталган. Бирок алынган расмий маалыматтарга ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн диплом С.К. наамына берилген эмес жана архивдик документтердин, окуу жайдын өздүк курамы боюнча буйруктардын арасында көрсөтүлгөн эмес.

Аталган факты боюнча «Документтерди жасалмалоо» беренеси боюнча өзүнчө кылмыш иши козголгон.

ИИМ
Фото ИИМ

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө С.К. шектүү катары аныкталып, кармалган. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту аны үй камагына чыгарган.

Белгилей кетсек, шектүүнүн баш тамгалары бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаевдин аты-жөнүнө туура келет.

Эң көп окулган жаңылыктар