USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Жалал-Абадда террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды

10:14, 22 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүнөн курал-жарак жана наркотикалык заттар алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде сегиз жарандын жашаган жеринде түнтүү жүргүзүлүп, бир нече далил буюмдар алынган. Алар:

  • үч даана «Сайга» үлгүсүндөгү ок атуучу курал;
  • үч даана тапанча;
  • эки даана миздүү бычак;
  • аралыктан байланышуу каражаттары( рация) жана ок дарылар.

Андан сырткары диний террористик жана экстремистик мазмунда болушу мүмкүн болгон араб, кыргыз, өзбек тилинде жазылган китептер, дептерлер, сим карталар, флеш карталар, уюлдук кол телефондор, компьютер жана CD-DVD дисктер, ошондой эле өзгөчө жыты бар, баңги каражаттарына (опийге) окшогон заттар далил буюм катары алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Ал эми Х. О. жана А. Д. аттуу жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика