Польшада 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн каракчылыктын катышуучусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 9-февралында «Любачув» (Польша/Украина) көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандын А.М. аттуу жараны кармалды.
Бул жаран Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан 2015-жылдан бери каракчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн.
2015-жылы Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынан автомат менен куралданган төрт белгисиз адам Ж.Ы. аттуу адамдын башкаруусундагы Honda CRV үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, өлтүрүү менен коркутуп, жабырлануучунун 1 миллион 30 миң долларын ээлеп алышкан.
Кийинчерээк үч шектүү кармалып, төртүнчүсү качып кетүүгө үлгүргөн.
Учурда кармалган жаранды экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралууда.