15:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Москвада кыргызстандыктар мекендештерин тоноп кетишкен

Москвада каракчылыкка шектелген кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, белгисиз үч адам мекендештеринин үйүнө кирип, бычак менен коркутуп, аларды тоноп кетишкен.

«Кол салгандар кыздардын кымбат баалуу телефондорун, акчаларын, зер буюмдарын алып кетишкен. Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон», — деп билдирди ИИМ.

Кылмыш ишинин алкагында Россиянын аймактык укук коргоо органдары ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жана КМШнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү координациялоо бюросундагы Кыргызстандын өкүлүнүн катышуусу менен кылмыштын бетин ачууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Натыйжасында шектүү катары Баткен облусунун 2003-жылы туулган Р. Р., Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1996-жылы туулган К. Н., Ош облусунун Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган Ж. Б. аттуу тургуну кармалган.


Үчөө тең иштегени Россияга барышкан, азыр Москвада жашашат. Учурда козголгон кылмыш иши боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, алардын мурда жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар