Бишкектин Бөкөнбаев жана Герцен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндүн жанынан баштыкка оролгон ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
«Болжол менен 4-5 айлык экен. Өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн ал экспертизага жиберилди», — деп маалымдайт басма сөз кызматынын башчысы Адыл Оморов.
Учурда ымыркайдын энесин талуу үчүн иликтөө иштери жүрүп жатат.