11:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ымыркайын дааратканага таштаган аял эки жылга соттолду

Ымыркайын дааратканага таштаган аял эки жылга соттолду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ленин райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Ажара Мамбетсеитова билдирди.

Анын айтымында, соттун чечими чыкты. Наристени тайэнеси багып алуу ниетин билдирген.

«Тайэнесине биз керектүү документтердин тизмесин бергенбиз. Андан кийин ал келген жок. Тайэнеси алгач алты айга багууга берилет. Андан кийин сот гана чечет», — дейт Ажара Мамбетсеитова.

Анын айтымында, тайэнеси соттолгон аялдын эки уулу кызын да багып жүрөт.

Эскерте кетсек, «Арча-Бешик» жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин дааратканасында жаңы төрөлгөн наристе 31-июлда табылган. Милиция эки ай бою ымыркайдын апасына издөө жүргүзгөн. Кийин 1995-жылы Нарын облусунда туулган «Арча-Бешик» конушунун тургуну Б.Ж. кармалды.

 
Эң көп окулган жаңылыктар