03:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чубак ажы Жалилов Москвада 6 миң кишини топтоду

Белгилүү диний аалымдар Чубак ажы Жалилов жана Абдышүкүр ажы Нарматовдун Москва шаарында иштеген, жашаган мусулмандар менен жолугушуусу 11-мартта Crocus City Hall залында өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Маалыматта, диний ишмерлер атайын уюштурулган Мавлид кечесине чакырылган. Алардан тышкары. кечээге КМДБнын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жана Казакстандын белгилүү дин аалымы Абдугафар Сманов, Орусия Федерациясынын Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлү жана Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин кеңешчиси Азамат Исмагамбетов жана Москва шаарынын Муфтийи Ильдар Аляутдинов катышты.

«Мавлид кечеси эки бөлүктөн өтүп, биринчи бөлүгүндө Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Мавлид кечесине келген жарандардын суроолоруна жооп берип, өзүнүн нускалуу кеп-кеңештерин берди. Ал эми Мавлид кечесинин экинчи бөлүгү оор турмушту сүрөттөгөн жана учурдун көйгөйлүү көрүнүштөрүн чагылдырган сахналаштырылган чыгармалар менен коштолду. Ошондой эле дин аалымдары өздөрүнүн баяндарын айтып, Москвада эмгектенип жүргөн мекендештерди ыймандуу, адилеттүү, боорукер жана кайсыл өлкөдө болбосун ал жердин мыйзамдарын сактоого чакырышты» — деп айтылат маалыматта.

Сүрөттөргө караганда 6 миң орундуу зал жык толгон.

Эң көп окулган жаңылыктар