Таңгагында «канты жок» жана «витаминдүү» деген жазуусу бар суулар көбүнчө таттуу берүүчү жана консерванттар кошулган суусундуктар болуп саналат. Алар пайдалуу деген жаңылыш ойду жаратып, салмакты көзөмөлдөөгө тоскоол болот. Бул тууралуу эксперт Виктория Манаенко «Газета.Ru» басылмасына айтып берди.
Анын айтымында, таттуу берүүчү заттар даамды күчөтүп, көнүмүш адатты пайда кылат. Натыйжада адам мындай сууну көбүрөөк ичип, таттууга болгон каалоосу күчөйт. «Мындай продукт салмакты көзөмөлдөөгө жардам берет, атүгүл арыктоого өбөлгө түзөт деген сезим пайда болот. Бирок иш жүзүндө абал көбүнчө тескерисинче болот. Адам себебин түшүнбөй, салмак кошо берет», — деди Манаенко.
Адис кошумчалагандай, кошулмасы бар суусундуктар суусоону толук кандуу кандырбайт жана суу-туз балансын калыбына келтирбейт.Технолог эң жогорку натыйжага жетүү үчүн дарылоо-алдын алуу максатында колдонулуучу жер астындагы булактардын табигый минералдык суусун ичүүнү сунуштады. Адис курамын кунт коюп окуп, арыктоодо кошулмасы бар азыктардан баш тартууга чакырды.

