07:47
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Венгриянын жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн сынак өтөт

Венгриянын жогорку окуу жайларына гранттык негизде кабыл алуу үчүн сынактын экинчи туру өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак 19-20-мартта Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында өтөт.

Бакалавр программасы боюнча билим алуу үчүн:

19 — март 2018 — жыл
9.00 биринчи тур — тестирлөө
12.00 экинчи тур — англис тилинде дил баян жазуу

Магистратура жана докторантура программасы боюнча билим алуу үчүн:
19 — март 2018 — жыл
9.00 биринчи тур — англис тилинде дил баян жазуу
14.00 экинчи тур — маектешүү
Фамилиясы А тамгасынан К тамгасына чейинки абитуриенттер чакырылат.

20 — март 2018 — жыл
9.00 экинчи тур — маектешүү. Фамилиясы Л тамгасынан Я тамгасына чейинки абитуриенттер чакырылат.

Эскертүү: Жаныңызда паспортуңуз жана калем сап сөзсүз болсун.

Дареги: Бишкек шаары, Панфилов көчөсү № 237, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы.

Биринчи турдан өтүү үчүн бардык каалоочулар Темпус коомдук фондунун Stipendium Hungaricum программасы боюнча онлайн каттоодон өтүшү керек болчу.

Берилген документтердин талаптарына ылайык техникалык текшерүү Венгрия тарабынан жүргүзүлдү. 353 катышуучудан 202 катышуучу тандалып, экинчи турга жолдомо алды.

Эң көп окулган жаңылыктар