Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2026-2028-жылдарга карата тышкы аудиторун бекитүү маселесин карашты. Бул тууралуу маалыматты Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү Жылдыз Сулайманбекова берди.
Ал белгилегендей, сынак комиссиясы Улуттук банктын 2026-2028-жылдардагы консолидацияланган жана өзүнчө финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү боюнча сынакка катышкан аудитордук уюмдардын сунуштарын карап чыгып, жыйынтыгында «Грант Торнтон» ЖЧК аудитордук уюмун жеңүүчү деп тапкан.
Талкуунун жыйынтыгында «Грант Торнтон» ЖЧК аудитордук уюму 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудитору болуп бекитилди. Бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

