Тургундар менен болгон жолугушууда шаардыктардын бири мэрге кайрылып, анын өлкө жетекчилиги менен туугандык байланышы бар экендиги жана ушундан улам элге башкача мамиле кылат деген имиш кептер боюнча суроо берди.
Буга жооп катары мэр мындай сөздөр чындыкка дал келбей турганын билдирди. Ал ар кайсы мезгилде аны «өкүл бала» же «президенттин күйөө баласы» деп атап келишкенин белгилеп, бирок мамлекет башчысы менен эч кандай туугандык байланышы жок экенин баса белгиледи.
«Менин президент менен эч кандай туугандык байланышым жок, өкүл ата, өкүл эне же башка ушул сыяктуу мамилелер да жок. Мен бул кызматка белгиленген тартипте мамлекеттик кызматкер катары дайындалгам», — деди ал.
Мэр ошондой эле анын иши жеке же үй-бүлөлүк мамилелерге байланыштуу эмес экенин жана ишмердүүлүгү жалаң гана мамлекеттик кызматтын алкагында жүргүзүлөрүн кошумчалады.

