20:10
USD 87.45
EUR 102.34
RUB 1.19

Кыргызстан УОК башчылыгына 30 жаштагы Айваз Оморкановдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенттигине 30 жаштагы Айваз Оморкановдун талапкерлиги сунушталды. Анын талапкерлиги өлкөнүн спорттук чөйрөсүндө эң көп талкууланган темалардын бири болду.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Айваз Оморканов

Оморканов Кыргызстандын спорттук менеджерлеринин жаңы муунун өкүлү болуп саналат. Учурда ал Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти жана Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) кеңешинин мүчөсү. 2021-жылы ал IIHF уюмунун тарыхындагы эң жаш вице-президент болуп калган.

Башкаруучулук ишмердүүлүгүнөн сырткары Айваз Оморканов кесипкөй триатлончу катары белгилүү. Ал триатлон, дуатлон жана акватлон боюнча Кыргызстандын чемпиону, ошондой эле Ironman эл аралык мелдештеринин жеңүүчүсү жана байге ээси.

Оморканов Пекин эл аралык экономика жана соода университетин, ошондой эле Кыргыз улуттук университетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Буга чейин УОКтун башчылыгына Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев жана Кыргыз футбол союзунун биринчи вице-президенти Нурдин Букуев да талапкерлигин койгон, бирок алар добуш берүү алдында талапкерлигин кайтарып алышкан. Натыйжада Оморканов жалгыз талапкер болуп калды.

Эскерте кетсек, 31-мартта Улуттук олимпиада комитетинин президенти Үмбөталы Кыдыралиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берген.

Эң көп окулган жаңылыктар