14:08
USD 87.45
EUR 102.34
RUB 1.19

Түркиянын президенти Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди

Түркиянын президенти Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аэропорттон Режеп Тайып Эрдоганды жана анын жубайын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев жеке өзү тосуп алды.

Акорада
Фото Акорада. Түркиянын президенти Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди

Түркия лидеринин борту мамлекеттик чек арадан өткөн учурдан тартып Астана аэропортуна конгонго чейин Казакстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн истребителдери коштоп жүрдү.

Келген учурда Режеп Тайып Эрдоганды жана расмий делегация мүчөлөрүн колдоруна желекче кармаган балдар: «Ата журтка кош келиңиздер!» деп тосуп алышты.

Буга чейин Акорда кабарлагандай, өлкө лидерлери «эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин» талкуулашат, ошондой эле Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүшөт.

Режеп Тайып Эрдоган ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин Түркстан шаарында өтүүчү бейрасмий саммитине катышат. Саммитке Азербайжан, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери келери күтүлүүдө. Бул өлкөлөр ТМУга мүчө болуп саналат. Ал эми Түркмөнстан, Венгрия жана Түндүк Кипр уюмда байкоочу макамына ээ.

Эң көп окулган жаңылыктар