Бүгүн, 14-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бейтаптардан түшкөн арыздардын негизинде Улуттук онкология жана гематология борборунун поликлиникасын пландан тышкары текшерди.
Президенттик администрация билдиргендей, анын алкагында өкмөт башчы бейтаптарды кабыл алуу шарттары, медициналык персоналдын ишинин уюштурулушу, медициналык жабдуулардын абалы, мекеменин инфраструктурасы жана материалдык-техникалык жактан камсыздалышы менен таанышты.
Инспекциянын жүрүшүндө медициналык тейлөөнү уюштуруу жана ички иштерди координациялоо боюнча бир катар кемчиликтер аныкталды.
Ал мекеменин ишин талаптагыдай уюштурбагандыгы үчүн жооптуу жетекчилерди сынга алып, онкологиялык оорулары бар бейтаптар мындай дарылануу шарттарына туш болбошу керектигин баса белгиледи.
«Онкологиялык борборго келген ар бир адам өтө оор физикалык жана эмоционалдык абалда болот. Мамлекет сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө, өз убагында кабыл алууну жана тийиштүү дарылоону камсыз кылууга милдеттүү», — деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.
Инспекциянын жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана медициналык мекеменин жетекчилигине бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде башкаруунун натыйжалуу тутумун камсыз кылуу, зарыл жабдууларды ыкчам тартипте сатып алуу, штатты көбөйтүү жана бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча жайларды түзүү маселелерин иштеп чыгуу.

