20:50
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сузак районунда үй бүлө иске ууланып, эки адам каза болду

Сузак районунда үй бүлө иске ууланып, эки адам каза болду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрт адамдан турган үй бүлө мүчөлөрү бүгүн, саат 7:15те Сузак райондук аймактык ооруканасына жаткырылды.

"Атасы менен беш жашар уулун куткарууга мүмкүн болгон эмес. Аларды ооруканага алып келгенде эле тамыры сокпой калган. Энесинин баш мээси шишип кеткен. Учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө кармалууда. 2015-жылы туулган экинчи баласы дагы ооруканада. Анын дагы абалы оор",- деп маалымдайт Саламаттык сактоо министрлиги.

Үй бүлө ошол күнү отту катуу жагып укташкан.

Эң көп окулган жаңылыктар