01:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бала бакчанын акчасын жеген аткаминерлерге кылмыш иши козголду

Ош облустук прокуратурасы социалдык объектилерди ремонттоо жана куруу иштерин текшерүүдө Өзгөн районунда мыйзам бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы «Э. Н.» ишканасы менен Өзгөн районунун Ак-Жар айылына бала бакча куруу тууралуу макулдашкан. Долбоордун жалпы суммасын 20 млн 652 миң сомду түзгөн.

Макулдашууга ылайык, бала бакчанын курулушу 2016-жылдын августунда аяктамак.

«Бирок Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы менен «Э. Н.» ишканасынын чиновниктери 3 млн 979 миң сомду өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланган. Бала бакчанын курулушу бүтпөй калган. Андан тышкары курулуш иштеринин баасын жогорулаткан» — дейт Баш прокуратура.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 315 (Жасалма документтерди колдонуу), 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 171 (Кызматтык абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү коротуу), 221 (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума