17:04
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сирияда орусиялык Ан-26 учагы кыйрап, 39 киши мерт болду

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын Хмеймим аэродромунда кыйраган учакта 39 киши бар болгонун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Азырынча Коргоо министрлиги курман болгондордун аты-жөнүн жана аскердик наамдарын жарыялай элек. Mash телеграм-каналынын маалыматы боюнча, Ан-26 Орусиянын аскерий аба күчтөрүнө таандык болгон жана Алепподон Хмеймим базасына бараткан.

«Такталган маалыматтар боюнча, Хмеймим аэродромуна конуп жаткан маалда кыйраган транспорттук Ан-26 учагынын ичинде 33 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү болгон», — деп билдиришти министрликтен.

Мекемеден ошондой эле учактагылардын бардыгы орусиялык аскер кызматкерлери болгонун кошумчалашты.

Буга чейин Орусиянын Тергөө комитети учактын кыйрашы боюнча кылмыш ишин козгогону кабарланган.

Февраль айынын башында Идлиб провинциясында орусиялык Су-25 аскер учагы атып түшүрүлүп, учкуч Роман Филипов курман болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар