15:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сириядан кайтып келген казакстандыктар соттолду

Сириядан кайтып келген 50 ашык казакстандык соттолду. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Нургали Билисбеков билдирди

Анын айтымында, Сириядан жоочу деп шектелген 120дан ашык адам жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өлкөгө кайтып келишкен.

«Силер билгендей, эл аралык террордук уюмдар Сирия менен Иракта жеңилүүдө. Мындан улам жоочулар үй-бүлөлөрү менен башка аймактарга же өздөрүнүн өлкөлөрүнө кайтып жатышат. Мисалы, Казакстанга 125 жаран кайтып келип, анын 57си соттолду. Калгандары мамлекеттин көзөмөлүндө», — деди Билисбеков.

Азырынча алардын Сириянын кайсыл райондорунан келгени белгисиз. Билисбековдун айтымында, өлкөдө терроризм менен диний экстремизмге каршы күрөштү улантуу зарыл.

Өткөн жылы бир канча жолу жеңилүүгө учураган ИМ тобу буга чейин басып алган бир топ аймагын жоготкон. 2015-жылы уюм Ирак менен Сириянын аймактарынын үчтөн бир бөлүгүн ээлеп турган. Былтыр ноябрда «согуш талааларынан» Чеченстанга атайын каттам менен ондогон жаран, анын ичинде Борбор Азиядан барган адамдар жеткирилгени кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар