14:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ош шаарынын мэри Кыргыз-орус фондунан колдоо таппаганын айтты

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кыргыз-орус фондунун ишин сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун катышуусунда өткөн аймактык өнүктүрүү боюнча жыйында билдирди.

Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, фонд мэриянын долбоорлорун колдоого алган эмес.

«Фонд күрөө боюнча жол-жобосун иштеп чыккан эмес. Үч жыл ичинде биз эт комбинаты, насос заводу, терини иштетүү, тигүүчү цех боюнча долбоорлорубуздун бирин дагы канааттандырган жок» — дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргыз-орус фонду Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү жолун жеңилдетүү үчүн өлкө экономикасына колдоо иретинде Россия бөлгөн акчага түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар