13:59
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкек Казакстандын абагында жаткан кыргызстандыкты өлкөгө которууга каршы

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Казакстандын абагында жаткан кыргыз жаранынын мекенине которууга каршы. Бул тууралуу Казакстандын башкы көзөмөл органы маалымдайт.

Алардын айтымында, коңшу өлкөнүн прокуратурасы Тараздагы 158/4 абагында жаза өтөп жаткан 3-топтогу майып, Э.Тентимишевди мекенине которууга макул. Бул боюнча сунуш Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Бирок, Бишкектен 2017-жылдын жайында кылмышкерди өлкөгө которууга каршы жооп келген. Башкы прокуратура жаран Кыргызстандын кызыкчылыгына жана коомчулуктун коопсуздугуна зыян келтирген кылмышка баргандыгы айтылат.

Эскерте кетсек, Тентимишев оозун тигип, ачкачылыкта олтурат. Анын айтымында, ал жазасын өтөт жаткан 158/4 абагынын жетекчилигинин улутуна карап аны дискриминациялоодо.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлү Аскар Шакировго кайрылып, Э.Тентимишевдин укугунун корголушуна көмөк көрсөтүү менен анын укуктары бузулган учурлар аныкталса, күнөөлү жактарды жоопко тартууну суранган.

Ошондой эле Акыйкатчы Тентимишевди Кыргызстанга алып келүү мүмкүнчүлүктөрүн колго алуу өтүнүчү менен Кыргызстандын Баш прокуратурасына жана Тышкы иштер министрлигине кайрылган.

Эң көп окулган жаңылыктар