13:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Достук» бекетин кеңейтүү үчүн мамлекет 35 турак жайды сатып алды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрүү пункту кеңейтилет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев 3-мартта аталган пункттагы абалды текшерүү үчүн барганда билдирди.

Анын айтымында, кеңейтүү иштерин жүргүзүү үчүн мамлекет ошол жерге жакын жайгашкан 35 турак жайды сатып алган.

«Дагы үч турак жай боюнча соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Сатылып алынган турак жайлардын орду «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекетин жаӊылоо жана кеңейтүү үчүн пайдаланылат» — дейт Дайыр Кенекеев.

Андан тышкары жолду кеңейтүү маселеси да каралууда. Жол жээгиндеги үйлөр жана башка курулуштардын мыйзамдуулугун аныктоо тапшырмасы жергиликтүү бийликке жүктөлгөн.

Кенекеев барган учурда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев учурда паспорт көзөмөлү 10 кабинада жүрүп жатканын, бүгүн дагы төрт кабина кошуларын билдирди. Чек арачылардын санын көбөйтүү маселеси да каралып жатканы маалымдалды.

«Достуктан» ары-бери каттап, жүк өткөргөндөрдүн саны февралда кескин өсүп, күн сайын тыгын жаралууда.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, каттоо кыйындаган. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүш үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган. 2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек «Достук» чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу жеңилдетилген.

Эң көп окулган жаңылыктар