04:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Кыргызстан» фракциясы Казакстанда кармалган депутатынын күнөөсүздүгүн айтууда

«Кыргызстан» фракциясы Казакстанда кармалган депутатынын күнөөсүздүгүн айтууда.

Фракциясынын билдирүүсүндө, Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун ага тагылган айыптарга тиешеси жоктугу айтылат.

«Асылбек уулу Дамирбек фракциянын жигердүү депутаты. Ал буга чейин спорттук мелдештерге катышып, спорттун өнүгүүсүнө салым кошуп келди. Ал өлкөнүн аймактык, экономикалык өнүгүүсү үчүн дагы бир топ иштерди алып барууда», — деп айтылат фракциянын билдирүүсүндө.

«Кыргызстан» фракциясы Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз байланышып, Казакстандын укук коргоо органдарын мыйзам чегинде иштөөгө чакырат.

17-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Казакстанда Кыргызстандын эки жараны кармалганы, анын бири Жогорку Кеңештин депутаты экени» тууралуу маалыматты тактап берүүнү талап кылган нотаны Бишкектеги казак консулу Ерлан Абишевге тапшырган. Казакстан нотага 18-февралга караган түнү жооп берген.

Анын алдында Казакстандын Башкы прокуратурасы «Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалганын» маалымдаган. Өлкөнүн чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда кармалгандар бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени айтылган. Анын ичинде Кыргызстандын эки жараны бар болгону жана анын бири Кыргызстандын парламентинин депутаты экени да кабарланган.

Жогорку Кеңештин депутаты менен бирге Улан Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров кармалганы маалым.

Эң көп окулган жаңылыктар