22:33
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Январь айында бюджеттин киреше бөлүгү 10 миллиард сомду түздү

2018-жылдын январында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 10 млрд сомду түзүп, ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Борбордук казыналыктын болжолдуу маалыматтары боюнча, 2018-жылдын январында мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 9 млрд 994,3 млн сомду же белгиленген пландык тапшырманын 105,5 пайызын түздү (ашыгы менен аткарылган сумма — 520,4 млн сом). Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешеси салыктык кирешелердин, салыктык эмес кирешелердин жана алынган расмий трансферттердин түшүүлөрү өскөндүгүнө байланыштуу 21 пайызга же 1 млрд 737,4 млн сомго өстү.

Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын жана атайын эсептердин каражаттарын эсепке албаганда, жалпы киреше планы 112,9 пайызга аткарылды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы киреше көлөмү, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын жана атайын эсептердин каражаттарын кошпогондо, 1 млрд 639,2 млн сомго же 21,4 пайызга көбөйдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума