18:22
USD 87.45
EUR 103.10
RUB 1.16

Жол, оорукана жана суу: Садыр Жапаров Ноокат районуна эмнелерди убада кылды?

Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Садыр Жапаров Ноокат районунун тургундары жана активи менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жолугушууда сөз сүйлөп, заманбап жолдор, сапаттуу билим берүү, жеткиликтүү медицина жана өнүккөн инфраструктура — элдин татыктуу жашоосу үчүн негизги шарттар экенин белгиледи.

«Ноокат районунда акыркы 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат, анын 39 чакырымы курулуп бүтөт. Үстүбүздөгү жылы Ноокатта спорт комплекси, спорт зал, көркөм өнөр мектеп-интернаты баштаган бир катар социалдык обьектилер курулмакчы», — деди президент.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо тармагына токтолуп, аймактарда бул багытта системалуу иштер жүрүп жатканын белгиледи.

«Кадр жетишсиздигин азайтуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, кадыр-баркын сактоо сыяктуу шарттарды түзүүгө басым жасалууда. Көк-Жар айылындагы 100 орундуу жана Жаңы-Базар айылындагы 40 орундуу ооруканалардын курулушу жүрүп жатат», — деп белгиледи ал.

Президент ошондой эле билим берүү маселелерине токтолуп, тармакты модернизациялоо боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгиледи.

«Ноокат районунун билим берүүсүндө окуу жылынын башталышы менен жалпы билим берүү мектептеринде эмгектенип жаткан 2743 мугалим ноутбук менен камсыздалды. Мындан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен 4 мектеп жана 1 бала бакча курулууда», — деди өлкө башчысы.

Өзгөчө көңүл ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө бурулду. Мамлекет башчысы сугат жерлердин жалпы аянты 16 миң гектарды түзөрүн белгилеп, бул багытта комплекстүү иштер жүрүп жатканын айтты.

«Ирригация маселелерин чечүү үчүн Каримберди каналын куруу, Абшир-Сай БДРин куруу, Федоров каналын реабилитациялоо жана башка долборлоор боюнча иштер жүрүп жатат», — деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар