17:03
USD 87.45
EUR 103.07
RUB 1.16

Кыргызстандык спортчулар Кытайдагы VI Азия пляж оюндарына жөнөп кетишти

22-30-апрель күндөрү Кытайдын Санья шаарында өтүүчү VI Азия пляждык оюндарына катышуучу спортсмендерди узатуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке 45 өлкөнүн спортчулары катышат. Программага 14 спорт түрү кирет. Оюндарда Кыргызстандык кырк спортчу күч сынашат.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу дене- тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев спортсмендерге мамлекеттик тууну салтанаттуу түрдө тапшырып, аларга чоң ишеним артылганын белгиледи. Ошондой эле, алдыдагы мелдештерде мекендин намысын татыктуу коргоп, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүшүнө ишеним билдирди,

Белгилей кетсек, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өтөт. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар