17:46
USD 87.45
EUR 103.04
RUB 1.15

Бишкекте катуу шамалда унаалардын үстүнө дарак кулады

Катуу шамалдан улам Бишкекте токтоп турган унаалардын үстүнө дарак кулап түштү. Күбөлөр окуя болгон жерден сүрөттөрүн жөнөтүштү.

Сүрөттө дарак бир нече унаага зыян келтиргени көрүнүп турат.

Александра Никсдорф
Фото Александра Никсдорф
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мурда бороон тууралуу эскертүү жарыялаган. Ведомствонун маалыматы боюнча, борбор калаада жана Чүй облусунда секундасына 15-20 метрге чейин шамал болушу күтүлүп жаткан.

Куткаруучулар тургундарды этият болууга жана бак-дарактардын жана туруксуз курулуштардын астына унаа токтотуудан алыс болууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар