Кыргыстан футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев кызматынан кеткенин жарыялады.
«Мен футболго ийгилик каалайм. Кыргызстандагы футбол бизнес деп эсептелүүчү нерсе эмес. Мен өз миссиямды аткардым. Менимче, бул менин төрага катары сиздер менен акыркы жолу сүйлөшүүм. Эми бул жерге футболду чындап сүйгөн адам келиши керек», — деди ал.
Камчыбек Ташиев бул кызматты эки жылдан ашык убакыт ээледи. Бүгүнкү жыйында ал өзүнүн жетишкендиктери тууралуу отчет берди.
Эске салсак, ал 2024-жылы Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланган.

