«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди парламенттин депутаттарынын тобу № 47 абакка барып көрүп кайтышты. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев билдирет.
Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев абактагы шартка арызданбайт. Болгону Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинен камераларга коюлган видеобайкоолорду алып салууну жана жүрөгү менен буту ооруп жаткандыктан ооруканада бир апта дарыланууга уруксат сурайт.
Өмүрбек Текебаев Алтынай Өмүрбекова, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев жана Талант Мамытовдор көрүшүп кайтышты.