Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайың айылынын 1974-жылы туулган тургуну Т. У. Ж. изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Алардын маалыматында, ал кечээ айылдашы С.А.Ы. менен атчан Ат-Башы айылына жөнөт кеткен. Бирок, айылга С.А.Ы. жалгыз кайтып келет. Т.У.Жнын аты бир аздан соң өзү үйүн таап келет.
ӨКМдин куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүүдө.