07:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президент жемкорлук менен күрөшкө тоскоолдуктарды атады

Бүгүн мамлекеттик резиденцияда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Ага биринчи жолу Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылды.

Өлкө башчысы өз сөзүндө жемкорлук менен күрөшүүгө саясый эрки жетерин белгилеп өттү.

«Жемкорлук менен күрөш укук коргоо органдары менен эле чектелип калбайт. Баардык чөйрөдө жогорку бийлик эшелондорунан тарта айыл өкмөтүнө чейин жүргүзөбүз. Кескин чаларды көрүүгө мезгил келип жетти» — деди президент.

Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшкө укук коргоо, көзөмөлдөө жана тескөө органдарынын өздөрүнүн жемкорлукка батканы тоскооол болуп жатканын белгиледи.

«Жемкорлукту иликтеген «Трансперенси интернейшел» уюмунун рейгинтинде Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 136 орунда турат. Буга сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы көрүнүштөр себеп. ИИМ, УКМК, прокуратура, экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы жана сот органдарындагы жемкорлук өтө кооптуу. Андыктан, чоң кылмыштар ачылбай, майда кылмыштарга көңүл бурулуп жатат» — деди алд.

Эң көп окулган жаңылыктар