19:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Журналист Алишер Саиповго Сахаров ордени берилди

31-январда Москвада адамдардын укуктары жана негизги эркиндиги үчүн күрөшкөн журналисттер менен коомдук ишмерлерге Сахаров атындагы сыйлык тапшырылды. Алардын ичинде маркум журналист Алишер Саиповго «Эрдик үчүн» ордени ыйгарылды.

Ачык коомду колдогон, советтик диссидент Андрей Сахаров атындагы сыйлык Орусияда 2001-жылдан бери ыйгарылып келатат.

Ал сөз эркиндиги, айкындуулук, адам укуктары жана негизги эркиндик үчүн зор салым кошкон журналисттерге жана коомдук ишмерлерге берилет.

Алардын катарында 2007-жылы Ошто белгисиз бирөөлөр атып кеткен журналист Алишер Саипов да бар.

Алишер Саипов «Voice of Ameriсa», «RFE/RL-Ozodlik», BBC, «Mashhad» радиолору, «Фергана.Ру» маалымат агенттиги менен кызматташып, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан саясий, диний, коопсуздук, адам укуктары багытындагы окуяларды талдап, чагылдырган. Ошондой эле өзбек тилиндеги «Сиёсат» гезитин негиздеп, ал Кыргызстанга жана Өзбекстанга таркатылып турган.

Журналист 26 жашында каза болгон. Кылмыштын бети эмгиче ачыла элек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума