14:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Нью-Йорктогу терактка шектелип дагы бир Өзбекстандын жараны кармалды

АКШнын Федералдык иликтөө борбору Нью-Йорктогу терактка дагы бир шектүүнү кармагандыгын билдирди.

Алардын маалыматында, 33 жаштагы Өзбекстандын жараны Мухаммадзоир Кадыров камоого алынды.

Эскерте кетсек, 31-октябрда айдоочу чакан жүк ташуучу унаасы менен Вест-стриттеги велосипедчендерди басып кеткен. 8 киши набыт болуп, ондогондор ар кандай жаракат алышты. Полиция ага ок атып, кылмышкерди окуя болгон жерде кармады. Маалымат каражаттары ал 29-жаштагы Өзбекстандын жараны Сайфулло Саипов экендигин жазып чыгышты. Шектүүнүн уунасынан терактты «Ислам мамлекети» үчүн жасагандыгын жазган кат табылды.

Сайфулло Саипов 2010-жылы грин-карта утуп алып, АКШга көчүп келген.

Өзбекстандын президенти Шаткат Мирзиеев АКШга терактты иликтөө үчүн колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби